Чүйдө атчан кишинин унаага урунган учуру тартылган видео тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык Чүйдөгү Он бир жылга айылында катталган.
Бул күнү айылда улак тартыш болгон. Атчан киши жолдун каршы тилкесине чыга калган башка жылкыны кармаганга аракет кылам деп унаага урунган.
Сводка АКИpress киши ооруканага жаткырылганын, минген аты өлгөнүн жазды.