Чүйдө аял өзүнө өрт койду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 15-октябрда Чүй айылында жергиликтүү тургун күйүүчү суюктукту чачып, өзүн өрттөп жиберген. Кесепетинен күйүк алып, ооруканага түшкөн. Териштирүү жүрүп жатат. Аялдын эмне үчүн бул кадамга барганы аныкталууда.










