Royal
SerepTV Logo

Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү

Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү
Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 8-июлда Чүй ОИИБге Токмок аймактык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда 1961-жылы туулган аялдын сабалганы айтылган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп баштаган. Жашаган жерине милиция кызматкерлери барып, аялдын 1951-жылы туулган жолдошу жана 1986-жылы туулган уулу менен жашай турганын аныкташкан. 7-июлда саат 21:00 чамасында уулу мас абалында апасын сабай баштаган. Аял ооруканага жаткырылган. Ал эми уулу учурда изделип жатат. Андан тышкары, 4-июнда ошол эле үйдө өрт чыккан. Ыкчам-иликтөө тобу бөлмөлөрдүн бири күйгөнүн аныктаган. Эч ким жабыркаган эмес, өрт өчүрүлгөн. Үй ээси доосу жок экенин айтып, териштирүүнү токтотуу боюнча арыз жазган. Кылмыш иши козголгон эмес.