Жайыл районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-июнь күнү арыз менен 1957-жылы туулган жаран кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр 500 миң акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты Жайыл РИИБ тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Уурулукка шектелип 1970-жылы туулган жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.