Жайыл районунда атайылап денеге оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-январда саат 16:40 чамасында Жайыл ооруканасынан милицияга кабар түшкөн. Анда 1979-жылы туулган жарандын бычакталганы айтылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1977-жылы туулган жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.
Ооруканага түшкөн жаран Instagram аркылуу аял менен таанышып, жыныстык катнашка барган. Муну билип калган аялдын күйөөсү жабырлануучуну жолугушууга чакырган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кызганычтан улам жолдошу көкүрөк тушка сайып салган. Тергөө уланууда.