Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы жаранды издөө ишине бүгүн, 23-майда 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кошумча Нарын облусунун Жумгал райондук №43 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, №44 ӨКБдан 3 куткаруучу, жалпы 17 куткаруучу чыкты.
19-майда болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган жаран Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.












