Чүйдө бир жер тилкени 2 адамга саткан шектүү кармалды

Чүйдө бир жер тилкени 2 адамга саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга жаран кайрылып, 2022-жылдын декабрь айында Военно-Антоновкадагы жер тилкесин 42 миң долларга алганын, бирок жерди дагы бирөөлөргө сатып жиберген жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча алдамчылык менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1958-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.