24-февралда Ысык-Ата РИИБге саат 08:00 чамасында Буденовка айылындагы үйдө 2008-жылы туулган жаран асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Жансыз денени кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Өспүрүмдүн эмне үчүн мындай кадамга барганы аныкталып жатат. Бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.
Буга чейин да Токмокто 17 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйган.