Буга чейин Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы Нурислам Мусаевди издеп жатышкан. РИИБдин берген маалыматына ылайык, Нурислам 13-июлда Кырмандагы үйүнөн «ойнойм» деп чыгып кеткен боюнча, кайтып барган эмес.
Чүй ОИИБдин берген маалыматына ылайык, Нурисламдын жансыз денеси кечээ, 18-июлда Чоң Чүй каналынан табылган.