Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Чүйдө «Дима» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

16:20 18.05.2021
0
Чүйдө «Дима» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Алдамчылык аракеттерди жасоого шектелип, мурда бир нече соттолгон Чүй облусунун 40 жаштагы жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жогорудагы жаран өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен автоунаалардын ээлеринин жана ишкерлердин, анын ичинде имараттарды куруу менен алектенгендердин ишенимине алдоо жолу менен кирип, аларга олуттуу материалдык чыгым келтирген. Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге ишкерлер арыз менен кайрылышып, укукка каршы аракеттерди жасаган адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. 2020-жылдын күз айында жаран алдоо жолу менен келишим түзүп, курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батирди алып, аны кийин үчүнчү жакка сатып жиберген. Жабырлануучуга 25 миң доллар суммасындагы материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Дима” каймана аттуу Талас облусунун 1981-жылы туулган тургуну кармалган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 2021-жылдын 13-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сотунун токтому менен кармалган жаранды камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Андан сырткары, жогорудагы жаран башка укукка каршы аракеттерди жасоого шектелүүдө. Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов РИИБде алдамчылык фактылары боюнча иликтенип жаткан материалдар бар.

2020-жылдын жай айында автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, Лексус RX 330 үлгүсүндөгү автоунаасын Лексус GX 470 үлгүсүндөгү автоунаага алмаштыруу боюнча пайдалуу келишимди сунуштаган жана автоунааны ээлеп алган соң изин жашырып кеткен. Жабырлануучуга миллион сомдон ашык материалдык чыгым кетирилген. Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталган. Андан сырткары, ушундай укукка каршы аракеттер боюнча башка фактыларга дагы тиешеси бар. Буга чейин жаран жогорудагы факты боюнча кармалган жана сот тарабынан эки айга үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасы тандалган. Бирок ал изин жашырып, мурда көрсөтүлгөн дарегинде жашабай калгандыктан, бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Андан сырткары, жогорудагы жаран 2021-жылы эки чет өлкөлүк ишкерди өзгөчө ири өлчөмдө алдап кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча ал ишенимге кирип, ишкердин биринен баасы 120 миң доллар турган көп сандаган килемдерди (жүк ташуучу унаа толгон) ээлеп алып, изин жашырып качып кеткен. Экинчи ишкерди дагы алдап, андан баасы 40 миң долларга жакын суммадагы килемдерин ээлеп алган. Жогорудагы фактылар боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды

Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:16 29.04.2026
0

28-апрель күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагындагы бала бакчалардын биринде жетекчи менен тарбиячы кайым айтышып, урушуп жаткан видеотасма тараган. Бул...

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:54 27.04.2026
0

26-апрель күнү саат 10:00 чамасында Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн...

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:24 25.04.2026
0

24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:20 25.04.2026
0

Ленин РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды....

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 21.04.2026
0

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

10:09 30.04.2026
Ташиев эки берене менен айыпталып жатат

Ташиев эки берене менен айыпталып жатат

09:22 30.04.2026
Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМге кайра суракка барганы кабарланды

08:53 30.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү