Abank july
SerepTV Logo

Чүйдө досуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Чүйдө досуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кетип, дайынсыз болгон 1981-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Буга чейин маалым болгондой, жайлоодо сарайда турган досуна кеткен бойдон өзү дайынсыз болуп, аты кайтып келгени тууралуу маалымат 1-декабрь күнү "102" кызматына түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ тарабынан 2-декабрда билдирилип, ошол убакыттан бери издөө улантылып келген.

Бүгүн, 4-декабрда 4 куткаруучу, 50 ИИМ кызматкери жана 40 жергиликтүү тургун, жалпы 94 адам тартылып, саат 13:30да изделип жаткан жарандын денеси Чоң-Кемин суусунан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.