Аламүдүндө пикир келишпестиктин айынан жаранга бычак сайылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-октябрда саат 19:00 чамасында Ленинское айылында жаран дүкөндө чырдаша кетип, 1989-жылы туулган жаранга бычак сайган. Аталган факты боюнча бейбаштык менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланып жатат.