Кеминде чет өлкөлүктөрдү карактаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-декабрда Кемин райондук ооруканасынан билдирүү түшүп, Кытайдын 2 жараны сабалганы айтылган. Аталган факты боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 28-декабрда саат 12:00 чамасында 1973 жана 1970-жылы туулган Кытайдын 2 жараны мунай базасындагы жумушунан чыгып, дүкөнгө азык-түлүк алганы барышкан. Азык-түлүк алып кайра базага бара жатканда алдынан жарандар чыгып, ур-токмокко алып, телефондордун тартып алып, из жашырып кетишкен.
Шектүү катары 1992 жана 1994-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram