Чүйдө дүкөндөрдөн акча каражаттарын жана азык-түлүк уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын 33 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал ошол эле түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан дүкөнүнүн эшиги бузулуп, анын ичиндеги акча каражаттары, азык-түлүк, тамеки жана спирт ичимдиктери уурдалганын билдирген. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 200-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка шектелип, 46 жаштагы жана 25 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.