Чүйдө эч себепсиз аялын сабап, мойнуна бычак сайган деген шек менен жолдошу кармалды

Сокулук районунда эч себепсиз аялын сабап, ага бычак сайган делип жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга 1983-жылы туулган аял киши кайрылып, аны 19-майда мас абалындагы жолдошу эч себепсиз сабап, мойнуна бычак сайган күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү караты 1978-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.