Abank july
SerepTV Logo

Чүйдө эки адамга бычак сайылып, бирөөсү каза болду

Чүйдө эки адамга бычак сайылып, бирөөсү каза болду
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 19-ноябрда Кара-Балтадагы үйлөрдүн биринин алдында 1975-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге 3 жолу бычак сайылганы аныкталган. Ошол эле күнү ооруканадан кабар түшүп, 1995-жылы туулган бычактан алган жаракаттары менен жаран түшкөнү айтылган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.А. жана М.А. аттуу жарандар жолдон өтүп бара жаткан жаран менен уруша кетишкен. Ал алдынан чыккан 2 адамга бычак сайган. Тергөө уланууда.