Жайлоодон уурдап келе жаткан эки жылкы менен кармалган 30 жаштагы шектүү Сокулукта кармалды. Уурдалган 2 жылкы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 27-февралда Чүй ОИИБге ыкчам маалымат түшүп, текшерүүнүн жүрүшүндө А.Р. аттуу жаран Чүй облусунун аймагындагы жайлоодон эки жылкыны уурдап келе жатканы аныкталган. Шектүү жандыктарды сатуу үчүн Сокулук районунун аймагына алып барганы аныкталган. Тергөөдө жогорудагы жылкылардын ээси аныкталып, ал 1979-жылы туулган жаран болуп чыкты.
Бул факты боюнча мал уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кармалган адамдын Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталууда. Тергөө уланууда.