Чүйдө эки өспүрүмдү учура сүзүп, из жашырган айдоочу видеого түшүп калган

8-март күнү саат 19:51 чамасында Военно-Антоновка айылынын Фрунзе жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден токтобой, качып кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2012 жана 2017-жылы туулган өспүрүмдөр Сокулук аймагынын оорукана бөлүмүнүн травматология бөлүмүнө жаткырылган. Кылмышка шектелип, 14-март күнү 1985-жылы туулган жаран кармалып, милицияга өткөрүп берилген.