Чүйдө эки унаа катуу сүзүшүп, бир айдоочу көз жумду. Кырсык 1-июнь күнү саат 21:14 чамаларында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Чым-Коргон айылынын тушунда болгон.
Анда Volkswagen Passat менен Hyundai Grandeur кагышып, биринчи унаанын 42 жаштагы айдоочусу каза болгон. Ал эми экинчи айдоочу ооруканага жеткирилген.








