Сокулук районунун Белек айылында Ауди 100 жана Хюндай Портер унаалары сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Тез жардам кызматкерлери жабыркаган жарандарды ооруканага жеткиришти. Жерине 3 куткаруучу тартылган. Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат.












