Чүйдө эркек киши 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн (видео)

Москва районунда эркек жашы жете элек жергиликтүү тургунга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн. Видео социалдык тармактарга тарады. Окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти. 

Маалыматка караганда, март айынын аягында милицияга дүкөнгө эркек киши кирип, андан соң 15 жаштагы сатуучу кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факты каттоого алынган. 

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийинчерээк Москва райондук соту аны үй камагына чыгарган. Милициядан белгиленгендей, апрель айынын аягына чейин Москва РИИБ тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлгөн. 29-апрелде прокуратура текшерүү жүргүзүп жаткан. Учурда тергөө иштери аяктап, иш материалдары кийинки өндүрүшкө сотко жөнөтүлгөн.