Чүйдө эски таарынычтан улам 69 жаштагы жаран киши колдуу болду

Чүйдүн Москва районунда жакынын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-майда Москва РИИБге 1954-жылы туулган жарандын жансыз денеси өз үйүндө табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жансыз денени кароо учурунда анын киши колдуу болгону аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган жээни кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча кылмыш иши мас абалында урушуудан чыккан. Шектүү эски таарынычын эстеген. Тергөө уланууда.