Чүйдө изделип жаткан келиндин жансыз денесинин табылышы. Милиция маалымат берди

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жакыны менен байланышканда маалым болду. Анын жансыз денеси бүгүн, 18-мартта суудан 12:00 чамаларында табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасы менен байланышканыбызда, «Турмушка чыкканына 2 ай болгон. Акыркы жолу кызым менен 14-февралда саат 21:00дө сүйлөшкөм. Курбу кыздары менен жүргөнүн айткан. Башка эч нерсе деле айткан эмес. Кайын журтунан сурасак, үйдө уруш болбогонун, жолдошу экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгонун айтышты», — деген ал. 

Чүй облустук милициясы маалымат таратып, жансыз дене өлүкканага жөнөтүлгөнүн билдиришти. «Бул факты боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен талапка ылайык чечим чыгарылат», — дешти.