Чүй облусунун милиция кызматкерлери денеге оор жаракаттарды келтирүү фактысы боюнча шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
14-сентябрда саат 18:00 чамасында Ысык-Ата РИИБге Новопокровка айылында массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери келгенде, 1986-жылы туулган жергиликтүү тургун ар кандай дене жаракаттарын алганын аныкташкан. Жабырлануучунун айтымында, аны белгисиз адамдар уур-токмокко алган.
Шектүү катары 1987-жылы туулган А.Б. жана 1988-жылы туулган Т.В. экендиги аныкталып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.











