Сокулук районунун Асылбаш айылындагы Иманкулов көчөсүндөгү жайгашкан бастырмадагы чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Сокулук райондук №24 ӨКБдан бир күжүрмөн эсеп тартылган. Бөлүм саат 13:40та жерине жетип, 14:00дө өрт чектөөгө алынып, 21:13тө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен 120 чарчы метр бастырма, кышка дайындалган 3000 түк тоют күйүп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.