Чүйдө жасалма акчага көмүр сатып алган деген жаран кармалды

Жасалма акчага көмүр сатып алып жаткан жеринен эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Сокулук РИИБге жаран кайрылып, 22-январда Сокулук айылынан жасалма 200 долларга 1,7 тонна көмүр алып, калган 4300 сом акчасын алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, анын жанынан жасалма акча табылган. Ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар экени аныкталган. Тергөө уланууда.