Чүйдө жаш баланын шоктугунан 750 түк чөп күйүп кетти (сүрөт)

Жаш баланын шоктугунан Чүйдө 750 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-июль күнү Чүй районунун Мээнеткеч айылында бастырмада аянты 60 чарчы метрди түзгөн 750 түк чөп толугу менен күйүп кеткен. Жерине №24 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм саат 15:04тө жеткен. Өрт 15:40та чектөөгө алынып, саат 20:10до толук өчүрүлгөн.