Кечээ, 15-ноябрда саат 18:20 чамасында Чүй облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын күчү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное, Нурманбет, Туз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.











