Чүйдө 755 жолу жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
2022-жылдын 30-майынан тартып 2023-жылдын 20-ноябрына чейин Шевроле-Лачетти үлгүсүндөгү унаасы менен 755 жолу жол эрежелерин бузуп, “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу орнотулган видео байкоого түшүп калган.
Бул айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочуну Бишкек-Кордай унаа жолунан кармашып, унаасын Аламүдүн районунун убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотушту.
Посмотреть эту публикацию в Instagram