Төмөнкү-Чүй айылында жол кырсыгы катталып, 11-класстын окуучусу көз жумду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Mercedes-Benz менен Chevrolet Aveo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.
«25-мартта саат 13:03 чамасында Сокулук РИИБге Төмөнкү-Чүй айылынын Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган айылдын 2007-жылы туулган тургуну Mercedes-Benz унаасын катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, каршы тилкеге чыгып кетип, Chevrolet Aveo унаасын сүзгөн.
Chevrolet Aveo унаасынын ичиндеги 3 жүргүнчү Сокулуктагы ооруканага жеткирилген. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жүргүнчү катары келе жаткан 2008-жылы туулган жаран ооруканага жетпей каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айыл аймагында студент кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 29-мартта...
Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Ленин РИИБге жаран кайрылып, аялга карата чара...
Соцтармакта Бишкекте жол чырак күйүп жаткан видео тараган. Видеонун автору видео Бейшеналиева менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганын айткан. Окуя боюнча...
Бишкек-Ош жолунда таш кулап, унаадагы кыз көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка...
УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын...