Чүйдө ден соолукка атайылап оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-январда саат 03:20 чамасында Ысык-Атадагы ооруканадан билдирүү түшүп, 1988-жылы туулган жаран бычакталып, реанимацияга жаткырылганы маалымдалган. Шектүү катары 1988-жылы туулган аял кармалган. Териштирүүнүн жүрүшүндө, экөөнүн жарандык никеде экени, ошол күнү спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкени аныкталган. Аял күйөөсүн курсак тушка сайган. Учурда териштирүү уланууда.