Чүйдө жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 16-январда саат 01:15 чамасында Москва РИИБге кабар түшүп, Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдө уруш болуп жатканы айтылган. Жерине барган милиция 1996-жылы туулган эркек киши менен 2005-жылы туулган келин жашап жүргөнүн аныктаган.
15-январда саат 19:00 чамасында жумуштан үйүнө барышып, спирт ичимдигин ичишкен. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, келин жолдошун ашкана бычагы менен жүрөк тушка сайып салган. Кесепетинен жаран каза болгон. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, камакка алынды.