Чүйдө жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-февралда Ысык-Ата РИИБге Люксембург айылындагы үйдө 1992-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, экөөнүн спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкенин, кесепетинен келин жолдошунун төшүнө бычак сайганы аныкталган. Жаран ошол жерде көз жумган. 1998-жылы туулган келин камакка алынды. Тергөө уланууда.