Чүйдө канал жарылып, үйлөрдүн короосун суу каптады

Бүгүн, 14-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын түштүк тарабынан 20 метр куб суу таш аралаш агып келип, каналга батпай, каналдын бетонун жарактан чыгарды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Каналдан ташыган суу Ударник айылынын Ленин көчөсүндөгү үйлөрдүн короо жайын каптаган. Учурда куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу толгон эки үйдүн короо жайын сордуруп, иш-чарасын жүргүзүп бүттү, ошондой эле көчөгө кум шагыл ташы төшөлдү. «Табигый кырсыктын кесепетин жоюп, алдын алуу максатында 2 жүктөгүч, 1 Хово, 1 эксковатор тартылып, суунун нугун буруп токтотушту», — деп айтылат маалыматта.