Чүйдө катуу шамал 17 үйдүн, 2 сарайдын чатырын учуруп кеткен (сүрөт)

Чүйдө 17 үй жана 2 сарайдын чатырын шамал учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 8-августта Аламүдүн районунда саат 16:45 чамасында катталган.  Айылда бак-дарактар кулап, электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Мындан улам табигый кырсык катталган дерекке Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 өкүлү кызматкер жана РЭТтен 3 бригада тартылган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭС кызматы иш алып барууда.