Чүйдө кишини өлтүрүп, сууга ыргытып жиберишкен. Шектүүлөр кармалды

Панфилов районунда кишини өлтүрүп, сууга ыргытып жиберишкен. Шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-апрелде Панфилов районунун Жайылма айылынын түндүк тарабындагы Чоң Чүй каналында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо барып, өлгөн кишинин денесинде зомбулуктун издери бар экендиги аныктап, соттук-медициналык экспертиза тарабынан да тастыкталган. Аталган окуя Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында өлгөн адамдын аты-жөнү аныкталып, анын 1968-жылы туулган жаран экендиги такталган. Кылмышка шектүү адамдар аныкталып, 1978 жана 1962-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул окуя ичкилик ичип отурушуп ортодогу чырдан улам келип чыгып, кылмыш жообунан кутулуу максатында өлгөн адамдын денесин Чоң Чүй каналына алып барып ыргытып жиберишкени аныкталган. Учурда тергөө иштер уланууда.