Ысык-Атада көлмөгө чөгүп кеткен жаш кыздар достору менен эс алганы барышкан

9-июлда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Юрьевка айылындагы көлмөгө эки кыз чөгүп кетти деген билдирүү түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөтүлгөн. Анда 15:00 чамасында Сын-Таш айылынын 2003-жылы туулган тургуну менен Кызыл-Арык айылынын 2005-жылы туулган тургуну достору менен эс алып, Юрьевка айылында жайгашкан көлмөдө сүзүп жүргөн убагында сууга чөгүп кетишкени белгилүү болгон.

Издөө иштерине Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлеринен тышкары ӨКМдин куткаруучулары тартылып, кыздардын жансыз денеси суудан чыгарылган. Учурда Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.