Чүйдө кудук казып жатып, көз жумган үч жаран этникалык кыргыздар. Окуя тууралуу маркумдардын тууганы эмне дейт?

Кечээ, 26-июнда Чүйдө кудук казып жаткан 3 адам көз жумган, дагы 2 адам ооруканага жеткирилген. Маалыматка караганда, кырсык Токмок шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде катталган. Кырсыктын кесепетинен 1980, 1982, 1987-жылы туулган 3 эркек киши жан берген. 1989 жана 1999-жылы туулган жарандар жабыркаган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги тууганы менен байланышканда, алардын этникалык кыргыздар экени маалым болду. «Үчөө бир тууган. Биздин алыс туугандарыбыз болот. Этникалык кыргыздар. Жерге-Тал районунан көчүп келишкен. Азыр сөөгү өлүкканада экен. Окуя тууралуу мен деле жакшы билбейм», — дешти алар.