Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1978-жылы туулган жарандын жансыз денеси Новопокровка айылындагы үйүнүн алдынан табылган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 1983-жылы туулган аял кармалып, анын маркумдун аялы экени аныкталды. Ал Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.