Чүйдүн Ысык-Ата районунда 29 жаштагы кыз уурдалып, зордукталган. Шектүү камакка алынган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-июнда Ысык-Ата РИИБге чалуу түшкөн. Анда кыз чала таанышы тарабынан зордукталганын айткан. Жерине барган милиция 1993-жылы туулган кыздан арыз алган. Арызда 5-июнь күнү чала тааныш жаран «үйүңө жеткирип коём» деп күч колдонуп, унаасына салып, Ысык-Атада жайгашкан үйгө алып барганы жазылган. Ал кызды коркутуп, зордуктап салган. Кыз саат 11:00дө качып чыкканын айтып, милицияга кайрылганын билдирген.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кылмышка шектүүнү — 1997-жылы туулган жаранды кармап, суракка алганда, кыз экөө соцтармак аркылуу таанышканын, алар сүйлөшүп жүрүшүп, ошол күнү жолугууну чечишкенин айткан. Кафеден чыгып, баланын үйүнө барышканын, жыныстык катнаш кыздын макулдугу менен болгонун билдирген. Ал кызды эртең менен таппай калгандыктан, кыздын таштап кеткен буюмдарын алып, милицияга келген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.











