Кечээ, 11-сентябрда социалдык тармактарда ушул жылдын 13-майында айнек бөтөлкө менен бетинен жаракат алган кыз кишинин милицияга нааразычылыгын билдиргени жарыяланган.
Анын айтымында, мындай ишке кесиптешинин курбусу барган. Окуяга кызганыч себеп болгон. Кыздын жигити тоого барган учурда жабырлануучуга кам көрүп койгон. «Ал менин жаныма келип эле бетиме айнек бөтөлкө менен чапты. Кан акты, ооруп жатты. Мени кесиптештерим ооруканага алып барышты. Ал жерде бетимди тигишти. 20 күн жаттым. Ал учурда кыздын жакындары келип, 30 миң сом сунушташты, атам аларды кууп жиберди. Эми алар милиция менен сүйлөшүүгө өтүшкөн окшойт. Эч кандай тергөө жүрбөй жатат. Мен Сокулук РИИБдин тергөөчүсү ишти создуктуруп жатат деп эсептейм. Мага кыздын үй-бүлөсүнүн жакыны РИИБде иштейт деп айтышты. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча да чоң суроолор бар, анда менин ден соолугума жеңил зыян келтирилгени айтылат, бирок бетимде өтө терең жаракат бар. Ал бетимде өмүр бою калат. Бул окуядан кийин терең депрессияга түшүп, көп ыйлап, жумушсуз калдым, эми кайра жашоомду баштадым», — дейт жабырлануучу.
Окуя боюнча Чүй ОИИБге кайрылганыбызда, бөтөлкө менен чапкан кыздын аныкталганын билдиришти.
«14-майда Сокулук РИИБге 1998-жылы туулган жаран кайрылып, 13-майда Шалта айылында аны бетке бөтөлкө менен чапкан кызга чара көрүүнү суранып, арыз жазган. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй ОИИБдин жетекчилиги окуяны көзөмөлгө алган. Шектүү 1997-жылы туулган жаран суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбой, комиссиялык экспертиза дайындалган. Иштин баардык жагдайларын тактоо максатында Чүй ОИИБдин жана Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын мыкты тергөөчүлөрүнүн ичинен тергөө тобу түзүлдү. Учурда кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,— дешти.