Маалыматка караганда, 27-декабрда түнкү саат 01:47 чамасында милицияга Кайыңды шаарындагы массалык мушташ боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция Кайыңды менен Панфиловканын өспүрүмдөрүнүн арасында мушташ болуп, ок атылганы маалым болгон. 2005-жылы туулган өспүрүм сабалып, телефону жоголгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.
«Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча...












