Чүй облусунда “мефедрон” психотроптук затын сатууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милиция кызматкерлери республиканын аймагында сатуу максатында баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын ири партияларын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын уюштурган, болжол менен 35-40 жаштагы «Равш» аттуу кишиге жана белгисиз адамдарга карата ыкчам маалыматтар алынган. Бул маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча ИИМдин Тергөө кызматында катталган.
Чүй облусунун аймагында коомдук унаанын ичинен 1986-жылы туулган И.Р.Х. аттуу адамды кармашкан, тинтүү учурунда анын сол чөнтөгүндө скотч менен оролгон бир брикет табылган, анын ичинде «30х2» деген кол жазма менен жазылган 36 даана кызыл түстөгү термо пакеттер болгон. Бир термо пакетти ачканда анын ичинде өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок болгон. Бул зат эксперттин корутундусуна ылайык, “мефедрон” психотроптук зат болуп аныкталды. Психотроптук заттарды сатса, мыйзамсыз киреше 310 миң сомдон ашышы мүмкүн болмок.