Кызматтык милдеттерин аткарып жаткан милицияга каршылык көрсөткөн жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
22-июлда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Беш-Күнгөй айылындагы эс алуу жайынан чакыруу келип, чакыруунун негизинде милиция кызматкерлери барышкан.
Эс алуу жайында мас абалында, коомдук тартипти бузган жаран аныкталган. Милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бирок 1999-жылы туулган жаран каршылык көрсөтүп, милиция кызматкеринин бирине жаракат келтирип, формасын айрып, уюлдук телефонун талкалаган. Бул окуянын негизинде ыкчам тергөө тобу чакыртылып, жаран Аламүдүн РИИБге жеткирилген.










