Кайыңды шаарында жайгашкан эт комбинаттын аймагында мунай зат ташуучу унаанын цистернасындагы күйүүчү майдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Цистернанын көлөмү 3000 метр куб. Өрттүн кесепетинен айдоочу колунан жеңил жаракат алып, Тез жардам кызматы алып кеткен. Абалы жакшы. Жеринде №2 ӨКБдан 1 бөлүм жана «Каинды Ойл» ишканасынан ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа иш алып барган. Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, 21:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.












