Чүйдөгү мүрзөнүн жанынан 34 жаштагы аял бакка асылган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
1-сентябрда Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жаңы-Чек айылында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке тергөө тобу барган. Кызматкерлер Жаңы-Чек айылындагы мүрзөгө жакын жерде азиат түспөлүндөгү, болжол менен 30-35 жаштардагы аял кишинин бакка асылган жансыз денесин табышкан. Аталган факты реестрге катталып, тергөө иштери жүрө баштаган. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун 1987-жылы туулгандыгы, аты-жөнү такталган.
Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон экспертизаларды дайындап, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда. Айрым ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, маркум кен казуучу компаниялардын биринде иштеген. 29-август күнү ал кезектеги сменден кайтып барган. Ал эми 31-августта Бишкекке келип, курдаштары менен жолуккан.