Чүйдө онлайн казиного акчасын уттуруп жиберген жигит жасалма каракчылык уюштуруп, өзүнө кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге жаран кайрылып, 14-декабрда болжол менен саат 23:00 чамасында Токмок шаарындагы Шоссейная менен Колхозная көчөлөрүнүн кесилишинде 3 жигит күч колдонуп, 2006-жылы туулган жигитти бычак менен сайып, анын 287 миң сомун тартып алышканын билдирген.
Аталган факты боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жигиттин айткандары жалган экени аныкталган. Ага каракчылык да болбогону маалым болгон. Ал онлайн казинодон 287 миң сомун уттуруп жиберген. Атасынан коркуп, каракчылык болду деп, өзүнө бычак сайып, бычакты ыргытып жиберген. Милиция кызматкерлери тарабынан ыргытылган бычак табылган. Соттук-медициналык экспертиза да өзүнө-өзү кол салууга мүмкүн деген тыянак чыгарган.
Учурда кылмыш ишинин тергөө амалдары уланып жатат. Анын жыйынтыгы менен кылмыш боюнча атайылап жалган маалымат берген жигитке үчүн юридикалык баа берилип, процессуалдык чечим чыгарылат.