Бүгүн, 3-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан «Бишкек-Алма-Ата» кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан. Тилсиз жоо саат 12:34тө чектөөгө алынып, саат 14:00дө толук өчүрүлгөн.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу аттуу эркек киши каза тапкан. Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен шаардык N4 ооруканага жеткирилген. Маалыматка ылайык денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...
Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып...
Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне...