Чүй облусунда өткөрүлгөн рейд иш-чарасында бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-марттан 29-мартка чейин Чүй облусунун аймагында ыкчам издөө жана кылмыштуулукту алдын алуу иш-чарасы болуп өткөн. Өткөрүлгөн рейд учурунда Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан ИИМдин ыкчам каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 5 жаран кармалып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Андан сырткары 17 кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен, каракчылык боюнча — 1, уурулук боюнча — 9, алдамчылык — 1, ээнбаштык — 1, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо — 2 жана башка кылмыштардын беттери ачылган.