Чүйдө өз атасы көгала кылып сабаган окуучу. Шектүү 1 ай камакта болот

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, 2010-жылы туулган окуучу атасы тарабынан сабалганын билдиришкен.

Маалыматка караганда, 16-мартта Москва РИИБге райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык кызматкери кайрылып, 12 жаштагы окуучу сабалганын айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдүн денеси каралган. Анын денесине эски жана жаңы тактар, тырыктар бар экени, 1989-жылы туулган атасы аны сабап келгени аныкталган. Кылмышка шектелип атасы кармалган.

Бүгүн, 20-мартта Чүй облустук сотунан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине шектүү 1 айга камакка алынганын билдиришти.